АКШда Путин жана Трамптын бети түшүрүлгөн өзгөчө купальниктер сатыкка чыкты

Американын Юта штатындагы Beloved Shirts компаниясы ойдо жок купальниктерди чыгарып, сатыкка койду. Бул өзгөчө купальниктерге америкалык The Telegraph гезити көңүл буруп жазып чыкты.

Аялдарга арналган купальниктерге АКШнын президенти Дональд Трамптын таң калып жаткан сүрөтүн, Орусиянын президенти Владимир Путиндин жылмайган сүрөтүн жана башка актёрлордун беттерин түшүрүшкөн. Мындан тышкары эркектин жылаңач денеси тартылган купальниктер да ушул компанияга таандык. Социалдык тармактарга аталган компаниянын кардарлары купальниктерди сатып алып кийип түшкөн сүрөттөрүн илишти. Арасынан Трамптын сүрөтү түшүрүлгөн купальниктин ээси көп талкууга алынган. Женна аттуу кардар бул купальникти алып кийүүгө эрки жеткенине сыймыктанганын жазат.

Купальниктерди чыгарган компаниянын сайтынан ар бир товарга мүнөздөмө берилгенин көрүүгө болот. Эң кичине размерден эң чоң размерлерге чейин, аялдардын терисинин өңүнө жараша тандап алуу мүмкүндүгү бар. 1 купальник 49,95 долларга (3500 сомдун айланасында) бааланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
tuki
2017-06-23 09:23:25
Сонун го биздикилерге албарстынын суроту тушурулгон купалниктер чыкпаса экен эми....
-11
abusait
2017-06-23 09:29:14
Абдан жийиркеничтуу..(( .
+17
Nasichat
2017-06-23 09:46:10
Тьфу тьфу чыгаргандарга да, кийгендерине да. Трампына кошуп Обамасын чыгарып койбоптур, Путинге тийишпей эле.
+7
roland
2017-06-23 10:24:50
Мына сага свилизация
+2
anonymous
2017-06-23 12:09:32
roland,эмнеси цивилизация Бишкекте любой цехке барсаң азыр сенин дагы сүрөтүңдү тартып берет
+10
Sarinakg
2017-06-23 10:46:58
Кийип жыргашсын тообо башка сурот куруп калгансып
+3
omka100514
2017-06-23 12:18:28
Фуууу, противно
+4
only_progress
2017-06-27 23:05:09
Просто уужжжжжасссссс.....нормальный адам мындайды ойлоп таппайт и нормальный адамдар мындайды кийбейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан