Swarovski ишканасынын 23 жаштагы мураскери Виктория Сваровски менен сүйүктүүсү Вернер Мюнц 7 жылдык мамиледен кийин баш кошушту. Тойдун өзгөчөлүгү Викториянын үлпөт көйнөгүндө болуп, көпчүлүктүн кызыгуусун арттырды.
Чет элдик маалымат каражаттарында белгиленгендей, 1 миллион доллар сарпталган үлпөт көйнөктү Дубайдагы белгилүү дизайнер Майкл Синко тиккен. Анын кардарларынын арасында Бейонсе, Женнифер Лопес, Рианна, Леди Гага сыяктуу атактуулар бар. Викториянын көйнөгүн кооздоого 500 миӊ кристалл ташы тагылып, анын оордугу 46 килограммды түзгөн.
Маалымат үчүн айта кетсек, Swarovski – австриялык кристаллдан жана кооз таштардан жасалган жасалгаларды чыгаруучу ири компания. Анын ар бир баалуу ташына компаниянын жеке логотиби түшүрүлөт.