Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаарында жол коопсуздугу маселесине арналган форум өтүүдө. Анда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев иш-чарага бийликтин үч бутагынын жетекчилери чакырылганын, бирок алар келбегенин айтты.
“Президенттин, өкмөт башчынын, Жогорку Кеңештин жол коопсуздугу боюнча маалыматтарын угайын дегенбиз. Алар форумга чакырылган. Бирок, тилекке каршы, президенттик аппарат, премьер-министр убакыт тапкан жок. Эгер бул маселени талкуулаганга келгиси келбесе же айта турган эч нерселери жок болсо, алардын уятында калсын”, - деди депутат.
Мындан тышкары Төрөбаев күндөн-күнгө жол кырсыктарынын саны өсүп баратканын баса белгиледи.