Депутаттар Гимнди аткарууда колду төшкө алууга милдеттендирген норманы алып салууга багытталган мыйзам долбоорун 1-окууда четке какты. Мындай чечим бүгүн, 16-майда Кыргызстандын парламентинин жыйынында кабыл алынды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Кожобек Рыспаев болгон.