“Барселонанын” чабуулчусу Неймар 21 жаштагы сүйүктүүсү менен мамилесин үздү

“Барселона” футбол клубунун чабуулчусу Неймар 21 жаштагы сүйүктүүсү, бразилиялык актриса Бруна Маркезини менен мамилесин үздү. Бул тууралуу ал бразилиялык маалымат булактардын бирине берген маегинде өзү айткан.

“Бруна экөөбүз көп убакыт сүйлөшүп жүрдүк. Мен ага үйлөнүү тууралуу сунуш киргизгем, тилекке каршы, “жок” деген жооп алдым. Андыктан экөөбүз биргеликте кеңешип, мамилебизди ушул боюнча токтотолу деп чечтик. Бул менин жеке жашоом боюнча акыркы маегим, мындан кийин бул тууралуу коомчулукка жар салбайм”, - деген футболчу.

Маалым болгондой, 21 жаштагы актриса алгачкы орунга карьерасын коюп, үй-бүлө күтүүгө шашылбай турганын айткан.

Эске салсак, бул түгөйлөрдүн экинчи жолку ажырым жолго түшүүсү. Биринчи жолу 2012-жылдын февраль айында келишпестиктердин айынан эки башка жолго түшкөндөрүн айтышкан. Бирок 2016-жылдан тарта кайрадан мамиле кура башташкан.

Неймар 6 жаштагы баланын атасы. Футболчу 19 жашында ошол кездеги 17 жаштагы сүйлөшкөн кызынын боюна бүтүп, уул төрөп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
dosym
2017-06-23 23:10:48
Туура кылыптыр, даракты бир тепсен кыз төгүлөт
-9
Zeinep_gunew93
2017-06-24 15:21:55
dosym,
Даракты бир тепсен кыз тогулот дегенин туура эмес дарактын озун башта бир т тепсен биринчи кандайлары тушоорун эсинден чыгарба куураган сынган шактары жалбырактары тушот...
+2
Alixan-Nookat.2015
2017-06-23 23:32:52
Красавица экен эле
+2
Arsenal2
2017-06-23 23:45:44
Ох её вот беда
-3
Omurbek998
2017-06-24 00:07:18
Неймарга кыз деген толтура башка таап аласында мен да журомго кызы жок еле
+3
JanEka
2017-06-24 01:02:18
Баласы кимге окшош?
0
Rasul94
2017-06-25 18:16:44
JanEka,ракитичке
0
Jaloshtalnarisbatchui
2017-06-24 01:02:43
Бир кем дунуйо....
0
kychan.98
2017-06-24 02:22:02
Азыркы заманда таш ыргытсан кыздын башына тушот бирок деген жери бар экен
-4
odin-takoy
2017-06-24 12:35:54
Менин билдируум кана
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан