Темир Сариев аскерлерди Сирияга жөнөтүү боюнча комментарий бере албайт. Анын себебин маалымат катчысы түшүндүрдү

"Ак Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев Кыргыз аскерлерин Сирияга жөнөтүү мүмкүндүгү боюнча жооп бере албайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына саясатчынын маалымат катчысы Назира Ахмедова билдирди.

"Темир Сариев президенттикке талапкер болуп катталганына байланыштуу анын билдирүүсү үгүт катары бааланып калышы мүмкүн", - деп түшүндүрдү Ахмедова.

Айта кетсек, 21-июнда Темир Сариев президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген. Борбордук шайлоо комиссиясынын малыматы боюнча, 1-сентябрдан 10-сентябрга чейин талапкерлерди каттоо иштери жүргүзүлөт. Шайлоонун үгүт иштери 10-сентябрда башталмакчы.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, парламенттин Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы Владимир Шаманов орусиялык ЖМКларга Кыргыз Республикасына жана Казакстанга аскерлерин Сирияга жиберүү маселеси боюнча сунуш берип, бирок акыркы чечим кабыл алына электигин билдирген.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов буга жооп кайтарып, Казакстан өз аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча эч бир тарап менен сүйлөшпөгөнүн айтып чыкты.

Кыргыз мамлекетинин Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров да бүгүн жооп берди. Анын айтымында, Сирияга аскерлерди жөнөтүү маселеси Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) туруктуу өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйынында көтөрүлгөн. "Аталган жыйында Куралдуу күчтөрүнүн аскерлерин жөнөтүү эмес, ЖККУнун тынчтык орнотуу контингентин Сирияга куралсыздандыруу аймагына жөнөтүү боюнча маселе көтөрүлгөн. Бирок бул боюнча бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө кайрылуу түшө элек", - деди Жумакадыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан