17-майда Бишкектеги "Дордой" спорт комплексинде "Супер-Инфо" гезитинин "Суперфутбол-2013" мелдеши башталып жатат. Учурда көрүүчү, күйөрмандардын саны улам көбөйүп, ойной турган командалардын алгачкылары көк майсаң үстүндө кыска машыгууларды өткөрүп жатат. Бир нече убакыттан кийин көптөн күткөн мелдеш расмий түрдө ачылат.