Түркиянын "Ay Yapim" продюсердик компаниясы менен биргеликте тартылып, бир гана түрк элине эмес, бүткүл дүйнөгө тартууланган “Түбөлүктүү сүйүү” сериалы 2015-жылдын 14-октябрынан тарта “Star TV” телеканалынан көрсөтүлө баштаган. Башкы ролдорду түрктөрдүн белгилүү актёрлору Бурак Өзчивит, Неслихан Атагүл жана Каан Урганжиолу аткарышкан. Сериалдын экинчи бөлүмү 2016-жылдын 21-сентябрында элге тартууланып, ушул жылдын 21-июнунда соңуна чыкты.
Сериалда байдын кызы Нихан менен чач тарачтын уулу Кемалдын сүйүүсү, ортодогу тоскоолдуктар жана кыйынчылыктар чагылдырылган. Узактыгы 2 жылга жетсе дагы сериалдын соңу бактылуу жыйынтыкталбай, башкы каарман Кемалдын өлүмү менен аяктаган. Мунун себебин "Ay Yapim" продюсердик компаниясы сериалды элдин эсинде кала тургандай кылып бүтүрүүнү көздөгөндүгү менен байланыштырган.
Мындан улам социалдык тармактарда Кемалдын өлүмүн жоктоп, “аза күткөндөр” биринен бири ашса, аталган сериалдагы эпизоддорду өз алдынча тартып, интернет айдыңына жүктөгөндөрдүн саны андан өтөт.
Сериалга байланыштуу интернетте көп жолу каралган колдонуучулардын автордук видеолору назарыңыздарда.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда Бурак Өзчивит актриса Фахрие Эвженге баш кошору маалымдалган.