Америкалык түгөйлөр Бейонсе менен Jay-Z эгиз наристелерине өздөрүнүн аттарына окшош ысым ыйгарышты

Америкалык белгилүү түгөйлөр Бейонсе менен Jay-Z жаңы төрөлгөн эгиз наристелерине өздөрүнүн аттарына окшош ысым ыйгарышты. Тактап айтканда, уулуна Шон (Jay-Z нин өз аты), ирландиялыктардын тилинен которгондо “Кудайдын ырайымдуулугу” дегенди түшүндүрсө, кызына Бейонсе ысымынын кыскартылганы, “Бакыт алып келүүчү” дегенди билдирген Беа деген ат коюшту.

Бейонсе эгиздерди 12-июнь күнү убагынан эрте төрөгөн. Төрөт оор жүрүп, наристелер сары оорусунун жеңил түрү менен жабыркагандыгы маалым болгон. Мындан улам эне-балдар көбүрөөк убакыт төрөтканада болуп, кечээ, 25-июнда үйүнө чыгышкан.

Бирок бул тууралуу ырчы өзү да, жолдошу да расмий билдирүү тарата элек. Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, алардын жашоосундагы жаңылыктарды түгөйлөрдүн жакындары маалымдашууда.

Jay-Z менен Бейонсенин эгиздерден сырткары, 2012-жылы туулган Блу Айви аттуу кызы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Damir.Turgunbaev
2017-06-26 17:34:25
А гор ай
0
Zeinep_gunew93
2017-06-26 20:43:44
Аябай жанылык болуп атты эле эсен аман тороп алыптыр
0
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2017-06-26 23:17:44
Төрөт канада төрөбөйт экен үй сатып алыптыр өзүнчө деп атышты эле. Анан кызы төрөткө катышат экен деп да айтышты эле бул тууралуу да тактап айткыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан