Грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасы Азия чемпиондугуна даярдык көрүшүүдө
Грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасы
Ысык-Көлгө машыгууга кетишти. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн басма сөз
кызматы билдирди. Бул машыгуулар грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугуна
даярдык көрүү үчүн өткөрүлүүдө. 2 машыктыруучу жана 10 спортчу 28-майга чейин
машыгууларды өткөрүшмөкчү. Ал эми чемпиондук
13-июндан 16-июнга чейин Таиланддын Пхукет шаарында болмокчу.