Албанияда 25-июнда өткөн парламенттик шайлоодо өлкөнүн премьер-министри Эди Рама жетектеген Социалисттик партия көпчүлүк добушка ээ болду. Айрым маалыматтарга таянсак, добуштардын алдын ала жыйынтыктарына караганда өкмөт башчынын партиясы добуштардын 49, оппозициялык Демократиялык партия 34, "Интеграция үчүн социалдык кыймыл" 13 пайызын алды. Шайлоого жалпы 18 партия ат салышкан. Эгерде Социалисттик партия 50 пайыздан көп добуш алса, парламенттеги 140 мандаттын теңинен көбүнө ээ болот. Ал эми добуш берүү 1 саатка узартылганына карабай шайлоочулардын 44 гана пайызы катышкан.
Эки чоң партия тең өлкөнүн Европа биримдигине кирүүсүн колдоп, ал үчүн бардык аракеттер жасаларын айтып келет. Албания аталган биримдикке кирүү үчүн 2014-жылы талапкер болуп катталган.