Бүгүн, 26-июнда Арстанбек Абдылдаев президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ал учурда "Аурдин" ЖЧКсынын башкы директору жана "Эл үчүн" саясий партиясынын төрагасы.
Буга чейин тергөө абагында жаткан "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев менен "Лига-антикризис" борборунун жетекчиси Назарбек Нышанов, экс-премьер-министр Темир Сариев өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен арыз беришкен.
Президенттикке талапкер болгондор 1 миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төлөп, 30 миңден кем эмес шайлоочунун колун чогултуусу керек.