Германияда 0 евролук купюра 2,5 еврого сатылууда

Германияда 0 евролук купюралар басылып чыкты. Бул тууралуу Neue Osnabruker Zeitung басылмасы жазып чыккан.

Алгач журналисттердин бул кабарын окугандар, аны тамаша катары кабыл алышкан. Купюра чыныгы баалуу кагазга, жасалма акчадан коргоочу суу белгиси менен чыгарылган. Анда 1958-жылдагы “Горх Фок II” жел кайыгынын сүрөтү түшүрүлгөн.

Маалым болгондой, бул акчаны колдонууга болбойт. Ал сувенир катары болгону 5000 нускада чыккан. 0 евролук купюранын бир даанасы 2,5 еврого сатылат.

Өлкөнүн борбордук банкында бул купюраларга туристтер гана эмес, жергиликтүү калк жана коллекционерлер да кызыга турганына ишенип жатышканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
R_u_S
2017-06-26 19:21:58
Кел 250 сом бер мен сага 10 сом берем болуптур го бул жагы)))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан