Асылбек Жээнбеков "фракциялык добуш берүү" деген түшүнүктү киргизүүнү сунуш кылды
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков КСДП фракциясынын 17-майдагы жыйынында депутаттарга "фракциялык добуш берүү" деген түшүнүктү киргизүүнү сунуш кылды. Депутаттар өз учурунда "Регламент жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна президенттин каршы пикир билдирүүсүнө жооп катары атайын комиссия түзүүнү чечишти. Фракция депутаттары ЖКнын жыйындарында жумушка келбеген кесиптештеринин ордуна добуш берүүгө жол берген норманы калтырууну сунуштоодо. Бирок бир депутаттын башка депутаттын атынан добуш берүүсүнө мыйзам долбоорлорунун 1-2-окуусунда гана уруксат берилет. Ал эми үчүнчү окууда, башкача айтканда, сунушталган мыйзам кабыл алына турган учурда ар бир депутат өзү үчүн гана добуш берет. Айта кетсек, буга чейин "Регламент жөнүндө" мыйзамга президент каршы пикир билдирген. Өлкө башчы муну жыйындарга депутаттардын себепсиз катышпаган учурлары көбөйүп, парламентте баш аламандык жаралышы мүмкүн деген кооптонуу менен түшүндүргөн. Аталган мыйзам, айтылгандай, бир депутаттын экинчисинин ордуна да добуш берүүсүнө жол берет.