Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча соттук отурум 4-июлда уланат

09:27 Бүгүн, 27-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтөт. Депутат Шыкмаматов жана аны менен бирге айыпталып жаткандар, жактоочулар учурда сот имаратынын алдында турат.

09:37 Темир тор артында отурган Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев менен Шыкмаматовдун жана “Барат Люкс” компаниясынын директорунун учурашуусуна тыюу салынды. Сот баштала элек болчу. Шыкмаматов аны кайтарып тургандарга учураштырбай коюуга эч кандай негиз жоктугун айтты. "Кайсы нормада бар "учурашууга болбойт" деген", - десе, жактоочусу аларда адамдык сапаттар болушу керектигин эскертти.

09:45 Соттук иш башталды. Сот залында Шыкмаматовдун жактоочусу иш боюнча анын күнөөсүз экендигин далилдөөчү жүйөлөрдү келтирип жатат.

10:19. Шыкмаматовдун жактоочусу Мерседес Бенц-Е унааларынын сатылышындагы бааларды кайра карап чыгуу өтүнүчүн келтирди. Шыкмаматов да өтүнүчтү колдоду.

10:33. Мамлекеттик айыптоочу сотто Шыкмаматов Мерседес Бенц-Е унааларын мыйзамсыз тендер өткөрүү аркылуу сатып алууга катышканын, унаалардын бирин анын жубайынын атына катталганын айтты.

10:37. Жактоочу Чынара Жакупбекова прокуратура кылмыш ишин козгоодо өз милдеттерин так аткарбай чектен чыккан деп билдирди. Айыпталуучу Шыкмаматов бул маселени Конституциялык палата карап чыгышы керектигин айтты. Сот өтүнүчтү четке какты.

10:39. Алмамбет Шыкмаматов өзүнө тагылган айыптоо негизсиз экенин айтты. "Мыйзамга ылайык, ар бир коюлган айып тана алгыс далилдер менен далилдениши керек. Атүгүл шек жараткан далил дагы айыпталуучунун пайдасына иштеши керек", - деди айыпталуучу.

10:41. Шыкмаматов: "Бизди мамлекетке зыян келтирди деп жатышат. Мамлекетке бир тыйын зыян келтирген жокпуз".

10:43. Мамлекеттик айыптоочу айыпталып жаткан Шыкмаматов мамлекетке 158 миӊ сом зыян келтиргенин айтты.

10:45. Шыкмаматов соттук отурумга күбө катары Эсептөө палатасынын бардык аудиторлорун (тендер өткөрүлгөн учурда иштегендерди) жана тендердик комиссиянын бардык мүчөлөрүн чакырууну өтүндү.

10:49. Соттук отурум 4-июлга дайындалды. Анда күбөлөр суралып баштайт.

Эскерте кетсек, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына коштурган деп күнөөлөнүп жатат. Эсептөө палатасы "Барат Люкс" ишканасынан тендер аркылуу бир нече автоунаа сатып алган.

Биринчи Май райондук сотунда Шыкмаматовдун иши боюнча сот уланды

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан