Бишкекте Ак үйдүн алдында бүгүн, 17-майда айдоочулар митинг өткөрүүдө. Алардын койгон талабы - Кытайдан Кыргызстанга кирген оор жүк ташуучу унааларды жөнгө салуу үчүн Ошко терминал куруу. Митингчилер аталган өлкөдөн келген унаалар 44 тоннага ылайыкталган Бишкек - Торугарт унаа жолун бузуп жатат. Анткени ал унаалар 80-90 тонна жүк менен өлкө аймагына кирип чыгууда. Чогулгандардын саны 15тей, алар Ысык-Көл жана Нарын облусунун айдоочулары.