Мамлекеттик маанидеги документтер жеке компаниялар тарабынан эмес мамлекеттик басмаканаларда даярдалышы керектигин бүгүн, 17-майда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Жусупали Исаев билдирди. Айтымында, мамлекет мындай документтерди каржылоого каражат табуусу зарыл. “Маалыматтык коопсуздук үчүн жеке басмаканаларга ишенбей, мамлекеттик басмаканалар даярдаш керек”,- деди ал. Өз кезегинде Мамлекеттик каттоо кызматынын орун басары Сайдахмат Исмаилов Кыргызстанда мамлекеттик маанидеги 157 документ жеке, ал эми 80 документ мамлекеттик басмаканада даярдалары тууралуу маалымат берди. “Мамлекеттик басмаканада чыгарсак болмок, бирок “Учкун” ишканасынын жабдуулары эски”,- деди ал.