Деңиз астындагы музейге саякат

Ушул жылдын январь айында Лансароте аралында океандын түбүндөгү музей ачылган. Анын ишке ашуусу үчүн бир канча жыл жана аябагандай зор күч кеткен. Музейде скульптор Жейсон Тейлордун 300дөн ашуун иштери 12 инсталляцияны түзгөн скульптуралары коюлган. Алар кооздукту жана табияттын өзгөчөлүгүн баса белгилеп турат. Ар бир экспонат айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбей турган экологиялык таза бетондон куюлган. Ал жакта деңиз жашоочуларына жаңы үй болуп берүүчү балырлар пайда болушу мүмкүн.

Жейсон Тейлор Лондон искусство университетинин скульптура бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү. Суу астындагы музейди жасаганга чейин таптакыр атагы жок болчу. Өз кыялын ишке ашырган соң анын жашоосуна дүйнө жүзү кызыга баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dastan_nookat
2017-06-27 15:01:21
Укмуш ко
+2
nura.177
2017-06-27 15:58:17
Биз суктанып койуп эле башка олколорго жашай беребизби?
+2
sensiz_maga
2017-06-27 16:28:08
Соз жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан