Ушул жылдын май айында футболчу Криштиану Роналду социалдык тармактагы баракчасына сүйүктүүсү Жоржина Родригес менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Анда Родригестин ичи бир аз чыгып калгандыктан интернет колдонуучулар ошол замат аны кош бойлуу деген жыйынтык чыгара салышкан. Бирок маалымат расмий түрдө такталган эмес.
Арадан көп өтпөй интернет айдыңына футболчунун сүйүктүүсүнүн Жоржина Родригестин ичи чыккан сүрөттөрү тарап кеткен. Ал гана эмес Бразилиядагы белгилүү “Correio da Manha” гезити Жоржинанын 5 айлык боюнда бар экенин жана футболчунун келечектеги кызы октябрь айында жарыкка келерин жазып чыккан.
Ошондой эле маалымат каражаттары Криштиану Роналду ушул жылдын 8-июнунда төрөлгөн Ева жана Матео аттуу эгиздердин атасы экенин жазып чыгышкан. Футболчу бул маалыматка байланыштуу комментарий берген эмес.