Көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын курама командасы 5-8-июнь күндөрү Ташкентте өтүүчү Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Мелдешке Кыргызстандан Айтурган Мырзакматова, Регина Мякшева, Фируза Сыдыкова, Салтанат Кыязова жана Александра Вальгер катышат. Ошондой эле Кыргызстандын курама командасы ушул эле күндөрү Ташкентте өтө турган “Хеппи Караван” эл аралык турнирине катышмакчы.