Депутаттар Башкы прокуратуранын жасалма паспорт берүү боюнча берген маалыматына ынанган жок

Бүгүн, 27-июнда парламенттин тармактык комитетинде депутаттар Башкы прокуратуранын жасалма паспорттор боюнча берген маалыматына ынанган жок.

Жыйында Мамлекеттик каттоо кызматында “Коррупцияга каршы аракеттенүү” мыйзамынын аткарылышы жана Кыргыз Республикасынын паспортторун мыйзамсыз берүү, колго жасоо, пайдалануу жөнүндө маселелер каралды.

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянова жасалма паспорт, күбөлүк берүү боюнча алгылыктуу маалымат укпаганын айтып, аталган маселелер боюнча 5 пункттан турган маалыматта алгылыктуу чечим жок экенин, маселени кароону создуктуруп жатышканын кошумчалады.

“Саясий буйрутма менен кылмыш ишин тездик менен козгогондой, бул маселени дагы тездетпейсиңерби. Комитет маселени кароо үчүн 11-апрелде чечим чыгарды эле. Бүгүн кайра ошол эле маалымат менен келиптирсиздер”, - деди Салянова.

“Бир Бол” фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков дагы баяндамадан конкреттүү маалымат укпаганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан