Украиналык ырчы Никита Жигурда орусиялык ишкер айымдын өлүмүнөн кийин 800 миллион рубль турган мүлкүнө ээ болду

Украиналык ырчы Никита Жигурда менен жубайы Марина Анисина күтүлбөгөн жерден байып кетишти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Тактап айтканда, 2016-жылы каза болгон түгөйлөрдүн жакын таанышы, орусиялык ишкер айым Людмила Браташ Орусиянын борборундагы 3 батирин, Франциядагы үйүн жана банктык эсебиндеги каражаттарын Жигурда менен анын үй-бүлөсүнө мурастап кеткен. Бул боюнча Кунцево соту расмий түрдө чечим чыгарганы маалым болду. Соттун маалыматына караганда, Браташ калтырган мурастын суммасы болжол менен 800 миллион рубль.

Белгилей кетсек, Людмила Браташтын денеси 2016-жылдын 15-февралында өз үйүнөн табылган. Дарыгерлер анын кан-тамырлары уюп, өлүмгө алып келгенин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
scorp
2017-06-27 18:21:20
Кудай берем десе ушинтип эле берип коет экенда
0
kalima88
2017-06-27 18:27:08
scorp,ошо да...
-1
Mumu1986
2017-06-27 18:41:58
Жигурда Браташты озу олтургон деп аябай тополон болуп жатат элего. Олумуно бир кун калганда экоо чогуу болгон квартирада. Браташтын бир тууган синдиси бар. Ошого калтырбай , Никитага баарын жазып бериши кумон деп. Экоо пол.контакта болгон видеосу да бар. Иши кылып соз жок.
+2
Uzakova.Z.A
2017-06-27 18:43:51
Жигурда акыры жениптир да не справедливость деген ушу да
+2
sezim_osmonalieva111
2017-06-27 20:31:15
Жигурданын суйлогону адамдын кыжырын келтирет.Пол.контакты атайын инетке чыгарган Жигурда.Типа суйушуп жургонбуз деп доказательство кылып.Света Романова (Браташ синдиси)америкалык эн кучтуу адвокат жалдады дааааагы...Бай аял болгону менен бактысыз аял экен байкуш,тапкан акчан эч нерсе болуп бере албайт.
+2
futboler
2017-06-27 22:44:45
Жигурда ырчы эмес, актер.
0
aqua-94mema
2017-06-28 00:25:14
Бул нерсе тура эмес. Аны озу олтурду деп шектелип жатты элего
0
RusMos76
2017-06-28 02:07:45
Жигурда жерге кирсин, арам тамак аш болбойт, Бараташтын арбагы деле жон койбойт, аны шылдындап интернетке жайып, кимге кереги бар ошонун озу, олгон адамды жон коюш керек эгерде сыйласа. Акча учун олгон да бул ХХХ!!!
0
JaneEr
2017-06-28 19:08:23
Украинец Россиянканын эсебинен байып максатына жетти.Даже озунун квартирасы жок болчу Жигурданын.Байкуш аял.Алданды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан