КҮНСЕРЕП: Президент Атамбаев оппозиционер Атамбаевди зекиди

Бүгүн, 27-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкекте "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын курултайы өтүп, 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги бекитилди. Курултайга "өнүгүүчүлөрдөн" тышкары Жогорку Кеңештин эркин депутаты Жанар Акаев, саясатчылар Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков дагы барып, Төрөбаевге ийгилик каалашты. Ташиев менен Келдибеков 19-июнда "Ак Шумкар" партиясынын курултайына да катышып, ажолукка аттанган Темир Сариевге ак жол тилешкен эле. Улам бир лидерге тилектештик билдирүүнү адатка айланта баштаган Ташиев-Келдибеков-Мадумаров үчилтиги өзү кимди президенттикке чыгара турганын айта элек.

Курултайдын жүрүшүнө келсек, Төрөбаев баяндамасында мекенчилдик жаатында жалындуу кеп кылды. Анын улуттук баалуулуктар боюнча айткандарына, атүгүл Ташиев тамшанып да жиберди. Бирок курултай өтүүчү залдын расмий статусун алып жүргөн орус тилинде жасалгаланышы Төрөбаевдин күйүп-бышып айткандарына анча үндөшпөй турду. Мисалы, башкы баннерде Төрөбаев эмес, Торобаев деп жазылып турушу. Мекенчилдик - эне тилди урматтоо, маанилүү жыйындарда эне тилди колдонуу өӊдүү иштерден башталат. Адатта, партиянын курултайы филармония, театр өӊдүү мамлекеттик маанидеги жайларда өтөт. Айрым мамлекеттик ишмерлер Төрөбаевге "экинчи мындай жыйындарды ресторанда өткөрбө" деп кеӊеш беришти. Төрөбаев шайлоодон утса, президенттик кортежден баш тартарын жар салды. Кулакка жагымдуу угулган, бирок аткарылышы күмөн жана көп айтылган убадалардын бири. Бийликке жеткен соӊ убадаларды аткарбай коюуга шылтоо кенен экенин 2015-жылы шайланган Жогорку Кеӊеш улам тастыктап жатат. Мисалы, "парламентке өтсөк депутаттык артыкчылыктан баш тартабыз, бюджетти үнөмдөйбүз" деген убаданы КСДП дагы берген. Иш жүзүндө депутаттардын көбү артыкчылыктан ажырагысы келбей турганы жакында көрүндү. Мындан ары депутаттарда кызматтык унаа, батир, жардамчы болбосун деген мыйзам сунушталып, 80дей депутат каршы добуш берди. Шылтоо жөнөкөй - шарты жок депутаттарды ойлойлу деп кутулушту...

24-июнда Казань шаарында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев журналисттер менен жолугушууда өзүнүн дарегине айтылган сындарга оюн айтты. Президент Кыргызда кемчиликтен башканы көрбөгөн адамдар көп деген пикирде. "Президент үчүн бул оор. Акыркы жылдары ден соолугум абдан катуу жоготууга учурады, жалаӊ каралоо. Башка өлкөлөрдү карасаӊ мамиле таптакыр башкача", - дейт өлкө жетекчиси.

Өзүнүн саламаттыгына журналисттер менен саясий оппоненттерин күнөөлөөнү Атамбаев адатка айланткандай туюлат. 11-июнда Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы менен жолугушууда дагы ажо "журналисттер менен укук коргоочулар картайтканын" айтып даттанган. Анда да "биздин айрым саясатчы, журналист, укук коргоочулар Кыргыз мамлекетинин жаман жагын эле айтат. 7 жыл мурун видеону көрсөм абдан жаш экенмин, чачым капкара экен. Ушулар менин канымды ичишти" деген эле. Журналисттердин айынан апасынан, агасынан айрылганын айтканы да бар. Буга байланыштуу өлкө жетекчиси катары Атамбаев айтылган сындарга көтөрүмдүү болуп, кадимки көрүнүш катары кабыл алууга тийиш деп интернетте пикир жазышууда. Анткени президенттик кызматтын жоопкерчилигин ал кызматка шайлана электе эле билген. Мамлекет жетекчисинин баскан-турганы, иш-аракети, сүйлөгөн сөзү, жакындары дайым микроскоп алдында коомчулуктун көзөмөлүндө. Кыргызда эле эмес, дүйнөдө ушундай. Кезинде ошол коомчулук анын сөзүнө, убадасына ишенип, добуш берген. Анын үстүнө Атамбаев өзү деле убагында Акаев менен Бакиевди катуу сындап жүргөн, бул көрүнүш ага жат эмес. Оппозицияда жүргөн маалында бийликти сындаганды жактырган Атамбаев президент болгондон кийин сын көтөрө албай, аны жээрип калганы кызык. Мисалы, 2009-жылы президенттик шайлоо алдында оппозициядан талапкер Атамбаевге мамлекеттик телеканалдан эркин сүйлөөгө уруксат беришпей, Атамбаев режиссёрго: "Кудай бар иним, бул күндөр да өтөт. Менин программам - үй-бүлөлүк башкарууну жоюу. Жакпаса эфирден бербей эле койгула" деп нааразы болгон жайы бар. Мындай учурлардан бир нечесин саноого болот. Ал эми ажонун "башка өлкөлөрдө мындай эмес, президентин сыйлашат" деген маанидеги сөзүн интернет колдонуучулары сынга алышууда. "Башка өлкөнүн президенттери айдоочусун өзүнө кеӊешчи, жан сакчысын министр кылып дайындабайт. Оппоненттерин түрмөгө камап эмес, ачык дебаттарда жеӊет" деген өӊдүү пикирлер жаап жатат. “Саясатчынын прессага арыздануусу – бул кеме капитанынын деңизге арыздануусуна тете” демекчи, өнүккөн өлкөлөрдө президенттик кызматтын түйшүгү жана мээнети оор экенин, сын дайыма болорун, ансыз өнүгүү болбой турганын кадыреседей эле кабыл алышат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан