Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Акчалуу айылында сел алып кетүү коркунучу жаралган көрүстөндөгү сөөктөр көчүрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башчысы Абдышарип Бекилов билдирди.
"Мүрзөнүн бир тарабын 150 метр экинчи жагын андан да көп аралыкта суу жеп кеткен. Учурда ӨКМнын техникалары мүрзөнү сактап калуу максатында жээкти бекемдөө аракетин көрүүдө", - деп билдирди ӨКМнын Сузак райондук бөлүмүнүн адиси Элдияр Исраилов.
Ал эми район акими Абдимуктар Маматов көрүстөндү сактоо үчүн ӨКМга кайрылуу жасап, иш башталганын айтты.
"Бул көрүстөндө 1500дөй адамдын сөөгү бар. 1800-жылдан баштап сөөктөрдү көмө баштаган. 2000-жылга чейин пайдаланылган. Кайра көмүү иштери учурда жүргүзүлүүдө. Ал үчүн атайын жер бөлүнүп берилген. Мындан тышкары ӨКМдан 3 миллион сом бөлүнгөн", - деди Бекилов.