Бишкектеги Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелгендерге карата сот өкүмү чыкты

Кечээ, 27-июнь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелгендерге карата өкүм чыгарды. Ага ылайык Хасамидин Исмаилов 18 жылга, Хикматилло Абдулажанов 10 жылга жана Күназим Мансирова 10 жылга эркинен ажыратылышты. Исмаилов жана Абдулажанов жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абактарда өтөсө, Мансирова аялдар абагында өтөйт. Ошондой эле алардын мүлктөрү конфискацияланат.

Айта кетсек, 2016-жылы 30-август күнү Бишкектеги Кытай элчилигинин батыш тарабындагы дарбазага Мицубиси Делика унаасы катуу ылдамдыкта сүзүп кирип жарылган. Натыйжада жарылган унаанын ичиндеги жанкечти-террорчу каза болуп, эки күзөт кызматкери жабыркаган. УКМК жардырууга буйрутма бергендер Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүргөн “Жабхат ан Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экенин билдирип, 5 адамды камакка алган. Ошондой эле 4 адам издөөгө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан