Алмазбек Атамбаев 18 энеге “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” сыйлыктарын тапшырды

17-майда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев“Энелер күнүнө карата бир катар энелерге “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” сыйлыктарын тапшырды. Президенттик аппараттын сыйлык берүү комиссиясынын маалыматына ылайык, өлкөдө “Баатыр эне” наамы 9106 энелерге берилсе “Эне даңкы” наамы 1381 айымга ыйгарылат. Бүгүнкү иш-чарада президенттин колунан 18 айым сыйлык алды. Кыргызстандын ар бир облусунан эң кары жана эң жаш Баатыр энелер келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан