Парламенттин 28-июндагы жыйынында Жогорку Кеңештин вице-спикери Данияр Төлөнов кесиптешинин атын билбей ыӊгайсыз абалда калды.
Бишкекке заманбап балдар ооруканасын куруу үчүн Сауд өнүктүрүү фондунан каражат алууга багытталган мыйзам долбоору каралууда. Депутаттарга сөз берилип жатканда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Гүлшат Асылбаева кол көтөрдү. Анда Төлөнов кесиптешинин атын таппай көпкө туруп, алдында турган кагаздарды карай баштады. Бул арада депутаттардын бири сөз сураган депутаттын Асылбаева экенин айтышты. Төлөнов кесиптешинен кечирим сурап, сөз берди.
Жогорку Кеӊештин айрым депутаттары жыйындарга көп катышпай, микрофонго чыгып көп сүйлөбөй турганы белгилүү. Эл тааныбаган депутаттар да көп.