Кош бойлуу америкалык теннисчи Серена Уильямс жылаңач сүрөткө түштү

Кош бойлуу болгондуктан кыска мөөнөткө эс алууга чыккан америкалык теннисчи Серена Уильямс “Vanity Fair” журналынын башкы бетине чыгуу үчүн жылаңач сүрөткө түшүп, кенен маек курду. Анда теннисчи сүйүктүүсү Алекс Оганян менен кантип таанышканы тууралуу айтып берди.

Белгилүү болгондой, алар 2015-жылы Италиянын борбору Римдеги ресторандардын биринде таанышышкан. Ал учурда экөө тең бири-бирин жакшы тааныбайт эле. Серена алгач Алексти Римде өтө турган мелдешине чакырат. Теннисти жактырбаса да, Оганян Серенанын оюнун көрүү үчүн келген. Ал күнү теннисчи начар ойногонуна карабай жеңишке жетишет.

Эки жаштын мамилеси күн сайын бекемделип, 2016-жылдын жаз айларында Оганян сүйүктүүсүнө баш кошуу сунушун алар таанышкан ресторандан киргизген. Түгөйлөрдүн үлпөт тою качан өтөрү азырынча белгисиз.

35 жаштагы Серена Уильямс учурда 7 айлык кош бойлуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Revolyutsiya2
2017-06-28 11:48:01
Жийиркеничтуу!!! Кош бойлуу аял куйоосуно жакшы корунот, кийими менен болобу же жыналач болобу?!! Ал эми жалпы коомчулукка жыналач суротторун жарыялоо зынакорлук, эл ичинде жийиркенууну пайда кылат!!!

Менимче бул Атамбаевдин кызынан улгу алган окшойт, тушунугунор менен жерге киргиле, силердин онуккон цивилизациянар ушул болсо тукурдум мен мындай цивилизациянарга, "акылынарга"...
+12
Kaninaiman
2017-06-28 18:13:09
Revolyutsiya2,зынага тушунобу аларын, ++
+1
Seryi-Kardinal
2017-06-28 12:03:49
jambawy i4inen 4on go
+3
Uzakova.Z.A
2017-06-28 12:14:00
Ужас ушундай кантип болсун!
+1
aszyma
2017-06-28 12:23:20
Экинчи сүрөтүдо ХХХ окшоп калыптыр.
+2
TalaCSKA
2017-06-28 12:44:37
Жыланач суроттко тушкон туура эмес дечи бирок Сирена тируу легенда мындай кучтуу теннисчи айым болгон эмес эми качан болору белгисиз
0
Adiletto
2017-06-28 13:26:30
Тируу легенда, же президенттин кызы болсо эле
Чечине бериш керекпи. Бери ХХХ тушо беришсин анда
+3
TalaCSKA
2017-06-28 13:34:30
Adiletto,чечинип тушкону албетте туура эмес .
0
Alixan-Nookat.2015
2017-06-28 12:52:02
Эркек кишиге окшошуп кетет экен
0
omka100514
2017-06-28 12:52:45
Эптуу куникго
+1
Begimkyz
2017-06-28 13:27:40
Алгачкы коомдогу аялдарга окшоштурдум. Аман эсен коз жарып алсын, бирок жакпады бул турушу.
0
ZHYRGAl1412
2017-06-28 14:20:59
Мынча сулуууу
-1
mbmur
2017-06-28 15:00:57
Армянго дейм чалы э
+1
Anucha
2017-06-28 15:07:09
Кийим кара тусто экен....
+1
aibi8984
2017-06-28 17:43:56
ичинен да жамбашы чонго!??
0
aibi8984
2017-06-28 17:44:51
Тайсон
0
sabyrer82
2017-06-29 01:15:56
Эми муну биздикилер туурабаса экен деп корком...моода экен деп калышчу эле...
0
admin_superstan
2017-06-29 10:53:06
Revolyutsiya2, baisogur, этика нормаларын сактаңыздар. Эскертүү!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан