Парламентте “Кыргыз темир жолунун” жетекчисин иштен айдоо сунушу айтылды

Депутат Рыскелди Момбеков “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчисин кызматтан кетирүү керектигин айтты. Бул тууралуу депутат 28-июнда парламент жыйынында билдирди.

Депутат билдиргендей, Кыргыздын “Маймак” темир жол станциясына Казакстан ижара акысын төлөбөйт. Ал эми Казакстандын “Луговой” станциясына Кыргыз мамлекети ижара акысын төлөп жатат. "2016-жылдын декабрь айында "Маймакка" өкмөт мүчөлөрү, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары болуп барганбыз. Ошондо бул маселе чечиле турганын убада кылышкан. Бул маселени парламентте эки жолу көтөрүп чыктым. Бирок чечейин деген ойлору жок. Казак тарап ижараны төлөп беребиз десе Кыргыз өлкөсүнөн барбай жатышыптыр. Эгерде маселе чечилбесе ишкананын жетекчиси кызматтан кетсин, жоопкерчилигин карап чыккыла”, - деди Момбеков.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Казакстан менен сүйлөшүү жүрө турганын айтты.

Эске салсак, учурда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасын Алмазбек Ногойбаев жетектейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан