Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы: "Өлкө түштүгүнө аскердик база жайгаштыруу маселеси күн тартибинде жок"

Жакында президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга мамлекеттик сапары алкагында Кыргыз-Орусия ортосунда 8 документке кол коюлган. Алардын бири - өлкөлөр ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишим. Келишим кандай шарттардын негизинде түзүлгөнү, албетте, мамлекеттик сыр деген жүйө менен ачык айтылган жок.

Кыргыз мамлекети акыркы жылдары Орусиядан аскердик техника жаатында жардамдарды алганы белгилүү. Жакында Шанхай кызматташтык уюмунун аскер башчыларынын Астанада өткөн жыйынында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Ооганстандагы кырдаалдан улам Орусия Кыргыз менен Тажикстандагы аскер базаларын чыӊдай турганын айткан. Орусиядагы мамлекеттик сапарында президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн түштүгүнө аскердик база ачуу боюнча президент Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн ачыктаган эле.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы өлкө түштүгүнө аскердик база жайгаштыруу маселеси күн тартибинде жок экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан