"Кыз энесин тартат", "бала уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат" дегендей, кыргыз шоу-бизнесинде да эне жолун жолдогон таланттуулардан уучу куру эмес. Апасынын талантын мураска алып, ал гана эмес мүнөзү, өң-келбети да окшош болгон атактуулардын кыздарына назарыңызды бурабыз.
Легендарлуу "Кыз-бурак" тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын кайраттуулугу жана эркек мүнөз тайманбаган кыялы кызы Сайкалга өткөн. Учурда Сайкал Садыбакасова аталган топтун жетекчиси жана жеке ырчы катары бир топ ырларды жаздырып, ал гана эмес апасынын кызы 2016-жылы 1-декабрда чыгармачылыкта жүргөнүнө 15 жыл толгонун белгилеген.
Баарына маалым болгондой, Кыргыздын эмгек сиңирген артисти Динара Акулова менен кызы Малика Динанын сүйлөгөн сөздөрүнөн тарта ырдаган үндөрүнө чейин окшош. Маликанын айтуусунда, ал кичинекей кезинен тарта апасынын артынан калбай ээрчип жүрүп, тили чыккан кезден баштап анын бардык ырын жаттап алган.
Кыргыздын эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиеванын айтуусунда, анын кичүү кызы Аэлитанын келбети атасына окшош. Ал эми мүнөзү апасын тарткан. Белгилүү болгондой, Аэлита жакын арада сахна босогосун аттап, апасынын чыгармачылыгын улантат.
Кыргыз эл артисти, комузчу Саламат Садыкованын кызы Кундуз Авашова келбети жагынан гана эмес жүрүм-туруму менен да апасын тарткан. Алып баруучулук кызматты аркалаган Кундуз Авашова да ырчылык өнөрдөн алыс эмес. Ал жолдошу Кубаныч Сатаев менен аткарган "Бир эргүү", "Эӊсөө"дуэттери бар.
Белгилүү ырчы Анжеликанын кыздары да апасынын көчүрмөлөрү. Улуу кызы Айым менен ортончусу Элима да эне жолун жолдоп, чыгармачылык чөйрөсүнө жаңыдан аралаша башташты.