Бишкекте "Супер-Инфо" гезитинин "Суперфутбол-2013" мелдеши өтүп жатат. Анда “SELA” командасынын оюнчусу Канат Аматов атаандаш команданын дарбазасына бир топ киргизгенге жетишти. Айта кетсек, жашыл майданда “SELA” - "КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги" командасы топ талашууда. Оюн айыгышкан мүнөздө өтүп жатат, чабуулчулар сокку узатууга жан талашып, коргоочулар топту өздөрү тарапка өткөрбөөгө тырышууда. Учурда оюндун 1-бөлүгү аяктап, командалар кыска тыныгууга чыгышты.