Ырчы Руслан Абыловдун “Дария” аттуу ырына тартылган клиби медиа-порталга жарыяланды. Ырчы тартуу иштери кандай жүргөнү тууралуу SUPER.KG`ге буларды билдирди.
“Клипти Бишкектин ар кайсы жерлеринен 2 жумада тартып бүттүк. Кыйынчылык жаратканы аба ырайынын өтө ысып кеткени болду. Тоонун үстүндө тартылган эпизоддордо эң бийик чокудан тарталы деп жүрүп, 3-4 тоону ашууга туура келди. Жыйынтыгында баарыбыз тең тердеп, кызарып, аябай чарчап калдык. Башка клиптеримден айырмаланып “Дарияда” бийге көбүрөөк басым жасагам. Ал үчүн 1 жумадай бий ийримине катыштым. Ошондой эле кечке эле окшош кийимдер менен тартыла бербей, бул жолкусунда бийчи кыздардыкына окшошуп турган жалтырак кийимдерди кийүүгө аракет кылдым. Клипке толугу менен 50 миң сом каражат сарпталды”, - деди Руслан Абылов.
Руслан Абыловдун “Дария” клибин бул жерден көрө аласыздар.