Panasonic жакынкы арада кийимден жагымсыз жыттарды кетирүүчү Nanoe X кийим илгичтерин сатыкка чыгарат. Бул тууралуу Гаджет басылмасы жазып чыкты.
Кийим илгичтин негизги маселеси кийимди жыттардан тез жана оорчулуксуз арылтуу. Nanoe X химиялык тазалоону алмаштыра алат жана терс иондорду чыгаруучу механизми менен камсыздалган. Механизм "акылдуу" кийим илгичтин эки капталында жайгашып, бардык кездемелерден бардык жыттын түрүн, зыян келтирбей кетире алат. Бул жабдуунун иштеши үчүн кийимди илгичке илген соң атайын капка кийгизүү керек. Орточо эсеп менен кийимди 5-7 саатта тазалайт.
Nanoe X Японияда жакынкы арада сатыкка чыгат. Анын баасы 180 доллар (12200 сомдой). Эгер ал жакшы сатыла турган болсо, аны дүйнөлүк рынокко чыгаруу пландалууда. Буга чейин 4 жыл мурун кореялык компания дагы бул сыяктуу кийим илгичтерди тартуулаган, бирок учурда алар сатылбайт.