Ала-Бука районунда окуучулар арасында массалык мушташ чыкты

16-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Сафид-Булаң аймагында район борборунан эс алууга келген мектеп окуучулары менен жергиликтүү мектеп окуучулары арасында массалык мушташ чыкты. Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы билдиргендей, окуядан эки тараптан тең жабыркагандар болду. Бир окуучу денесинен алган жаракаттан улам ооруканага жеткирилген. Учурда бул окуя боюнча Ала-Бука РИИБи бейбашчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, териштирүү иштери жүрүүдө. Мындай көрүнүшкө кайрадан жол бербөө үчүн райондо "Тартип" аттуу операция жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан