Билим берүү жана илим министрлиги: "Айрым мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билими жөнүндө аттестаты ката жазылган"

Быйыл өлкө аймагында айрым мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы орто билими жөнүндө аттестаты жараксыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда SUPER.KG порталына Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өлкө аймагындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө берилген аттестаттар басмаканадан ката менен жазылган. Учурда кайрадан иштеп чыгуу иштери жүргүзүлүүдө. Азырынча канча аттестат жараксыз экендиги белгисиз. Мында аттестаттын сыртына жазылган "Кыргыз Республикасынын" деген сөздүн аягында "н" тамгасы жазылбай калган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларга тапшырганча аттестаттар оңдолуп колдоруна берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
narbek
2017-06-29 00:56:46
Басмаканада не мээси жокбу кочодон эле барыб отуруб алышкан кок мээлер
+2
masia
2017-06-29 09:14:56
Билим берүү министрлигинде ушундай болсо анда башкасы кантет
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан