Коомдук ишмер Камила Шаршекеева президенттикке талапкерлигин коюу үчүн БШКга арыз берди
Бүгүн, 28-июнда коомдук ишмер Камила Шаршекеева президенттикке талапкерлигин коюу үчүн БШКга арыз берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын басма сөз катчысы Бурул Усманалиева билдирди.
Шаршекеева Кыргыз өлкөсүндөгү Борбордук Азиядагы Америка Университети жогорку окуу жайын негиздеген.
Эске салсак, буга чейин БШКга 7 адам документ тапшырган. Алар: Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Рита Карасартова, Арстанбек Абдылдаев, Назарбек Нышанов, Бакыт Дегенбаев жана Сайнидин Султанидинов.