Бүгүн, 28-июнда "Медиа-портал" бөлүмү Илгиз Абдалиевдин жаӊы, эксклюзивдүү "Сүйкүмдүүсүӊ, жаным, секетим" ырынын клиби менен толукталды. Ырчы клип тартуу процесси тууралуу буларды билдирди:
"Аталган ырдын сөзү, обону мага таандык. Ал эми клиптин идеясы, каармандарды тандоо Баха аттуу режиссёр жигитке таандык. Клипте бул жаатта бир аз тажрыйбасы бар болгон актёр-актриса тартылды. Өзүм буга чейин тартылган клиптеримде тартынчаак болуп, образды жакшы ачып бере алган эмес элем. Андыктан бул ирет клибимде баш каармандын образын жаратуудан баш тарттым", - дейт Илгиз Абдалиев.
Илгиз Абдалиевдин "Сүйкүмдүүсүӊ, жаным, секетим" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.