Кечээ, 28-июнда Бишкектин Түштүк дарбазасындагы Дайыр Асанов атындагы сейил бакта ачык асман алдындагы классикалык музыка боюнча "TENGRI Music 2017" III Эл аралык фестивалы болуп өттү. Фестивалга Австрия, Греция, Түркия, Азербайжан, Орусия, Италия, АКШ, Казакстандан келген жана жергиликтүү музыканттар катышышты. Атайын чакырылган коноктор, көрүүчүлөр жашыл чөп үстүндө таланттардын өнөрүнө күбө болушту.
Айта кетсек, фестиваль бүгүн, 29-июнда да уланат.