Белгилүү англиялык актёр Жейсон Стэтхэм жана 30 жаштагы британиялык супермодель Рози Хантингтон-Уайтли уулдуу болушту. Бул тууралуу модель өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Биздин кичинекей мырзабыз жарык дүйнөгө келди. Жек Оскар Стэтхэм. 3 килограмм 600 грамм. 24-июнь", - деп жазып, уулунун колунун сүрөтүн илген.
Белгилей кетсек, жылдыздар 2010-жылдын апрелинен тарта сүйүү мамилесин кура башташкан. Экөөнүн мамилеси тууралуу модель чет өлкөлүк журналдардын бирине: "Жейсон экөөбүз жакшы достордонбуз. Ал менин ар бир күнү жакшы маанайда болушума себепкер. Жейсон менен жүргөндө мурда бир дагы чыныгы жигитим болбогондой сезилет" деп интервью берген. Ал эми ушул жылдын февраль айында Рози интернеттеги баракчасына кош бойлуу кезиндеги алгачкы сүрөтүн жарыялаган.