Бельгиядагы укмуштуудай кум скульптуралары (фото)

Бельгияда Түндүк деңиздин жээгиндеги Остенд курорттук шаар катары таанылган. Мындан сырткары жээктин 30 чакырымында жыл сайын кум скульптураларынын дүйнө жүзүндөгү ири фестивалы өтүп турганы менен белгилүү.

Бул жылы фестиваль "Disney Sand Magic" деп аталат, англис тилинен которгондо "Диснейдин кумдуу керемети" дегенди түшүндүрөт. Фестивалга 12 өлкөдөн 40тай скульптор катышып, 150дөй скульптура жасашкан. Айрымдарынын бийиктиги 6 метрге чейин жетет. Композицияларды жасоого болжол менен 7 миң тонна кум кеткен.

Композицияларды жагымсыз аба ырайы бузуп койбосо, сентябрь айына чейин көрүү мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
only_progress
2017-06-29 08:51:18
Аябай сонун го. Кадимки кумдарга окшобойт го бул кандай кум?
0
nemo2016
2017-06-29 09:04:04
укмуш экен
+1
-Dybala-
2017-06-29 11:51:37
Соттон колубуз бошобой жакшы дагы эс ала албай калдык эми мамлекет онукпой калышы мумкун анткени
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан