7-8-июлда Германияда Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусу күтүлүүдө

Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамп Германияда жолугушат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго таянып чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өлкө башчыларынын жолугушуусу 7-8-июлда Гамбург шаарында "Чоң жыйырманын" саммитинин алкагында орун алмакчы. "Министр Лавров АКШ менен Орусиянын ортосунда диалогду калыбына келтирүүгө жол издөө зарылдыган айтты. Гамбурдагы "Чоң жыйырманын" саммитинде Путин менен Трамп сүйлөшпөй койсо "бул туура эмес болуп" каларын дагы Лавров түшүндүрдү. Эки лидердин Сириядагы кырдаалды талкуулоосу өтө маанилүү экенин Орусиянын башкы дипломаты белгиледи. Трамп менен Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүсү пландалганы тууралуу министр эч нерсе айткан жок", - деп жазышат басылмалар.

Айта кетсек, 7-8-июлда Гамбургда дүйнөдөгү алдынкы 20 өлкөнүн лидерлери кезигип, терроризмге каршы күрөш, климаттын өзгөрүүсү, эркин соода жана башка маселелерди талкуулашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан