Нью-йорктук фотограф келгиндердин учуучу объекттерин тартып алганын айтууда

Нью-йорктук Ральф аттуу фотограф 9 күн мурун келгиндердин 2 учуучу объекттерин тартып алганын айтып жатканын Discover 24 басылмасы жазып чыкты. Анын айтымында, алар Жерден учуп чыгышкан. Өз сөзүндө ал шаардын четине жылдыздарды тартуу үчүн көп чыгат. Тартып алган сүрөтү тууралуу айтып жатып алар комета же спутник болушу мүмкүн эмес экенин баса белгилеген. Биринчиден, объекттер ылдыйдан өйдөнү көздөй учушкан. Экинчиден, алардын түзүлүшү спутниктердей эмес.

Асманды сүрөткө түшүрүп жатып, фотограф фотоаппараттын объективин 20-секундага ачык койгон. Ошол маалда ал асманда учуп бараткан объекттерди байкап, алар камерага түшкөн-түшпөгөнүнө шектенип калган. Көнгөн ишин улантып, сүрөттөрдү үйүнө келип караган. Объекттер сүрөткө түшүп калганын көргөн Ральф аларды жарыялап, сүйүнчүлөгөн.

Буга чейин да Риганын үстүндө болжол менен келгиндердин учуучу объекттеринин видеосу интернетке тараган.

Ригада белгисиз учуучу объект көрүндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Medinaa
2017-06-29 11:10:33
Толтура го?Ошондо булар не болуп калат?
-2
sumka
2017-06-29 11:14:51
Келгин деген эмне?
+1
Adi97
2017-06-29 11:36:40
sumka,inoplanitiyanin
+2
Muslim_KGstana.
2017-06-29 11:35:27
Келгин эмне ал?
+1
-Dybala-
2017-06-29 11:40:59
Биздин фотографтар деле тартып Кыргызстанды дүйнөгө танытмак, алар тиги оппозициенер Ө.Т сотунан колу бошобой жатышпайбы! Карагылачы Кыргызстанды онуктуруго ким бут тосуп жатканын!

Кыргызстанга бут тоскон адамды 10 жылга соттош керек!
+4
Su.Zeyd_89
2017-06-29 18:13:46
Биз технология онуккон дуйнодо жашайбыз дейбиз. Жооок. Алар онуккон наборот. Алар биздин жерге келип кетип атышат. Биздин адамдар алар жонундо изилдей алышбайт. Каякта жашайт, кандай тузулушто. 18мин аалам деген бекер айтылбаса керек. Биз бир эле ааламындабыз да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан