SpaceX компаниясы Жерге кайткан ракета баскычтарын сактоочу, оңдоочу борборлорго муктаж болгондуктан жетекчилиги учуучу аянтчалардын жанына бир нече борбор курууну чечкен. Борборлордо ракеталардын абалы изилденип, аларды оңдоо жана учуруу темпи жогорулатылары Reuters басылмасы компаниянын расмий өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Компаниянын адистери алгач Falcon 9 ракетасынын баскычын кайтаргандан бери көп убакыт өттү. Бул убакыт аралыгында бир топ баскычтар артка кайтарылган. Аларды оңдоп, тестирлөөдөн өткөрүп, кайрадан иштетүү керектигин айтышат компаниянын адистери. Буга чейин колдонуудан өткөн 2 ракета космоско кайталап учкан, бирок кампада дагы башкалары чаңдап жатканын жазат басылма.
Учурда SpaceX баскычтарды калкып турган платформаларга кондуруп жатканы маалым болду. Ал эми компаниянын жетекчиси Илон Маск өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына компаниянын негизги максаты кайткан ракеталарды кайра 24 сааттын ичинде космоско учуруу экенин жазган.