Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду "Дастан" заводун жаӊылоого акча бөлөт. Президент Алмазбек Атамбаев 29-июнда аталган фонддун төрагасы Кубанычбек Кулматовго заводго фонддон кредит бөлүүгө жардамдашууну буюрду. Насыя ишкананын өндүрүш процессин жакшыртууга берилмекчи.
Өлкө жетекчиси бүгүн "Дастан" заводуна барып, анын өндүрүш жайларын кыдырып, заводдо чыгарылган атайын продукциялардын жана башка товарларды көрүп чыкты. “Дастан” заводунун чет өлкөлөргө экспорттоп жаткан продукцияларынын сейректигин баса белгиледи. Кыргыз-Орусия фондунан алынган насыя ишкананын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, заводдун атаандаштыкка жөндөмүн күчөтөрүн билдирет президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү.