Салянова спикерге: “БШКнын өкүлдөрүнүн маалыматын угуу боюнча күн тартибине киргизбей убадаңызга турган жоксуз”

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова БШКнын өкүлдөрүн чакырып, алдыдагы шайлоого даярдыктар тууралуу маалымат алууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-июнда парламенттин жыйынында билдирди.

"Чыныбай Акунович, сиз ушул жумада "БШКнын өкүлдөрүн чакырабыз" деп убада бердиңиз эле. Суроолорубуз күн өткөн сайын көбөйүп жатат. Бүгүн парламенттин акыркы сессиясы. Өзүңүздүн убадаңызга турган жоксуз. Бул маселе бүгүнкү жыйындын күн тартибинде жок, чакыра турган оюңуз дагы жок экен. Түшүндүрсөңүз, эмне үчүн күн тартибине кирген жок?" - деп Салянова спикерден сурады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бул маселени кароону демилгелеген депутаттарда кызыгы кетип, көтөрүшпөгөнүн айтты.

Жыйынтыгында добуш берүү аркылуу депутаттар Салянованын сунушун колдошкон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан