Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн арызданган Леонид Маевский сотто көрсөтмө берүүдө.
Маевский эмне үчүн 7 жылдан бери Текебаевдин үстүнөн арыз жазбаганын айтып берди. "Ал учурда башкы прокурор башка адам болчу, мен кайрылган күндө да иш каралбайт болчу. Мени каматып салышабы деп коркком. Ошондуктан арыз берүүгө шашылган эмесмин. Башкы прокурор алмашкандан кийин 2 жыл тийиштүү документтерди топтоп жүрдүм", - деди Маевский.
Маевский президент Алмазбек Атамбаев менен эч качан жолукпаганын жана сүйлөшпөгөнүн, аны сыналгыдан гана көргөнүн кошумчалады.