Кечээ, 28-июнда Нарын облусунун Ат-Башы районунда VII "Шырдак фестивалы" болуп өттү. Бул тууралуу аталган райондун акиминин орун басары Дүйшөналиева Ажаргүл SUPER.KG`ге маалымдады.
"Фестивалдын алкагында "Мыкты уз", "Мыкты шырдак", "Мыкты тамак-аш", "Мыкты кымыз", "Узун чач" жана башка бир топ кызыктыруучу сынактар өткөрүлгөн. Ал эми жеңүүчүлөргө Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 200 миң сом бөлүнүп берилди", - дейт ал.
Белгилүү болгондой, буга чейин фестиваль эл аралык деңгээлде өтүп, ага ар кайсы өлкөдөн катышуучулар келишсе, бул ирет 7 дубандын ар кайсы аймактарындагы уздар катышкан.