Кыргызстандык шахматчы Дарья Ли 10 жаштагы спортчулар арасында Дүйнө чемпиону аталды. Маалымат жыйынында, шахмат боюнча машыктыруучу Бактыгүл Тиленбаева билдиргендей, Дүйнө чемпиондугу 5-майдан 15-майга чейин Грециянын Халкидики шаарында өткөн. Мелдешке Кыргызстандын атынан 7 жаштан 15 жашка чейинки 8 бала катышкан. “Жаш шахматчылар биринчи жолу командалык көрсөткүчтө 10-орунга ээ болушту. Бул биз үчүн чоң жетишкендик”,- деди машыктыруучу.