Жаш балдар арасындагы футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Кубогун Бишкек шаарынын курама командасы жеңди

Бишкек шаарындагы футбол федерациясынын талаасында 13 жашка чейинки балдар арасындагы футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Кубогунун финалында Бишкек шаарынын курама командасы Чүй облусунукун 4:2 эсебинде жеңди. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн футбол федерациясы билдирет.

Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө "Бишкек" курама командасынын оюнчусу Ырыскелди Тыныбеков атаандашынын дарбазачысы менен бирге-бир чыгып эсеп санын ачты. 2-таймдын башында Ырыскелди Тыныбеков пенальтиден гол киргизип, курамага дагы бир упай алып келди. Ага Чүй облусунун курамасынын оюнчусу Абылкасымов голу менен жооп кайтарды. 2 мүнөттөн кийин Тыныбеков 3-голун киргизип, оюн аягында эки курама команда бирден гол жаратышты. Оюндун жыйынтыгында Ырыскелди Тыныбеков мыкты оюнчу деп табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан